Кыргызстан: Вашингтон Кыргызстанда Демократиянын Өнүгүшүнө Колдоо Көрсөтүүсү Зарыл.
Кыргыз Республикасынын жаңы жетекчилиги Орто Азия элдердинин өнүгүү багытын өзгөртүүдө эбегейсиз мүмкүнчүлүккө ээ – алар демократиялык жана экономикалык реформалардын тереңдеп тамыр алуусуна шарт түзө алышат. 2005-жылдагы болуп өткөн Жоогазын ыңкылабы демократияны жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алган жок. Кыргызстандын экинчи мүмкүнчүлүктү пайдаланып кармап калуусу үчүн АКШ өкмөтү болгон жардамын аябашы зарыл. Жардам көрсөтүү менен бирге эле Америка Кошмо Штаттары Борбордук Азиядагы стабилдүүлүккө карата болгон өзүнүң терең мамилесин тастыктап, ошондой эле, жалпы дүйнө элине коопсуздук-демократия маселелери тууралуу талкуулар текке кетпестигин көрсөтө алат. Америка Кошмо Штаттарын Кыргыз элинин муктаждыктарына караганда өздүк, жеке коопсуздук муктаждыктары көбүрөөк түйшөлтөт деген тынчсыздануулар Кыргызстандын ичинде болуп келген. Биз мындай пикирлер чындыкка коошпостугун сөз түрүндө эмес, иш жүзүндө көрсөтүүбүз зарыл. Америка Кошмо Штаттары Борбордук Азияда, анын ичинен Кыргызстанда стабилдүүлүктү, бакубаттуулукту, коопсуздукту, адам укуктарын, экономикалык жана саясий реформаларды колдоого өзгөчө кызыкдар. Бишкектин «демократия аралы» принциптерине ылайык иш алып баруу жөндөмү кошуна Афганистанда стабилдүүлүктү жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан эл аралык иш аракеттерге дагы жардам бере алат. Адамдардын негизги укуктары сакталгандыктарына ишенимдерин арттыруу жана бардыгы үчүн бирдей саясий жана экономикалык таза мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аркылуу гана чыныгы стабилдүүлүккө жетишүү мүмкүн. Алгач, Курманбек Бакиевдин башкаруусу Кыргыз элине чыныгы өзгөрүүлөрдү алып келет деген ишенимдерди туудурган, тилекке каршы анын акыркы жылдардагы иш аракеттери канааттанбастыктарды жаратып, мурунку күндөргө гана кайрылуу болуп калды. Жыйынтыгында, Бакиев өзүнүн жол көрсөтүүчүсү, Аскар Акаевдикиндей тагдырга кабылды. Бакиевдин башкаруусундагы Кыргызстан туура эмес багыт алды. Мисалы, өткөн июль айында болгон президенттик шайлоо эл аралык талаптарга жооп берген эмес. АКШ Мамлекеттик Департаментинин адам укуктары боюнча өлкөнүн акыркы отчетуна ылайык оппозициялык партияларга көрүнүктүү тоскоолдуктар жаратылган, коркутуулар, добуштарды сатуулар, жалган бюллетендерди толтуруулар жана белгилүү бир саясий максаттарга жетүү үчүн өкмөттүк ресурстарды пайдалануулар менен коштолгон. Жакында эле Фридом Хаус тарабынан өткөрүлгөн саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер боюнча жылдык байкоосунда Кыргызстанга «Эркин эмес» деп баа берилген. Бакиевдин башкаруу мезгилинде непотизм жана коррупциянын шартында сөз эркиндигине чек коюлган. Кыргызстанда АКШнын максаттары тууралуу коомдук пикирлер негизинен биздин Манасты пайдаланууга болгон укуктарыбыздын айланасындагы талкууларга ылайык калыптанган. Америка Кошмо Штаттары тарабынан көзөмөлдөнгөн Манас Эл Аралык Аба Майданындагы транзиттик борбор АКШнын стратегиялык кызыкчылыктары үчүн өтө олуттуу мааниге ээ экендиги чындык. Борбор Афганистандагы коалициялык күчтөргө маанилүү материалдык-техникалык колдоо көрсөтөт, ал Афганистандагы жана аймактагы коопсуздукту, стабилдүүлүктү сактоодо жана реконструкциялык иш-аракеттерди жүргүзүүдө Кыргыз Республикасы тарабынан жасалган чоң салым. Америкалык төлөмдөр Кыргызстандын кошкон салымы менен дал келбейт деген нааразычылыктардан улам өткөн жайда эки өлкөнүн өкмөттөрү келишимдердин шарттарын бирдикте кайра карап чыгышкан. Жаңы келишим Кыргыз Республикасынын экономикасына олуттуу салым кошуп келет. Ошол эле убакта, Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан менен бирдикте бир нече биргелешкен иш аракеттерди алып барышкан. Мисалы, Америка Кошмо Штаттары наркотикага жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча жардамдардын санын жогорулатып, аба жолдорунун коопсуздугун жана Манас Аэропортундагы башка жарандык шарттарды жаңылоо боюнча кошумча көрүнүктүү колдоо көрсөттү. Бул кадамдардын баарысы Кыргызстандын узак мөөнөттүү коопсуздугуна жана экономикалык өнүгүүсүнө өз салымдарын тийгизет. Акыркы күндөрү болуп өткөн баш аламандыктарда зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берүү максатында Америка Кошмо Штаттары Улуттук Госпиталды медициналык каражаттар жана Бишкек шаардык ички иштер бөлүмдөрүн тартипти орнотуу үчүн күйүүчү майлар менен камсыз кылды. Манастагы транзиттик жүк ташуучу борбор аймактын коопсуздугу үчүн маанилүү болгон сыңары, Кыргыз эли үчүн демократиялык умтулуулар да маанилүү. Биз бул эки артыкчылыктардан эч кандай маселени көрбөйбүз, себеби экөө тең бакубат жана ачык Кыргызстан тарабынан камсыз кылынат. Америка Кошмо Штаттары дүйнөдө демократияны жана эркиндикти колдойт жана биз бул баалуулуктардын максатсыз болуп калууларына жол бербейбиз. Биздин максат башка элдерге өзүбүздүн саясий системабызды таңуулоо эмес, бирок биз жакшы башкарууну жана негизги адам укуктарын урматтоону жайылтабыз. Мыйзамдын жана демократиялык институттардын башкаруусу экономикалык өсүштү чыңдай турган таза жана ачык инвестициялык чөйрөнү камсыз кылчу ачкыч болуп саналат. Биз бул маселелерди жеке же коом арасында көтөрүп чыгуудан күмөн санабайбыз жана мындай иштерди Кыргызстанда үзгүлтүксүз жасап келгенбиз. Кыргызстандын жаңы жетекчилери өз өлкөсүнө стабилдүүлүктү жана бакубат жашоону алып келүүгө милдетүү жана мүмкүнчүлүктөрү бар. Аларга саясий жана экономикалык системаны либералдаштыруу боюнча так иш аракеттерди жүргүзүү зарыл. Саясий себептерден улам улуттук жыштыктардан тартуусун токтоткон «Эркин Европа/Азаттык» радиолорунун утурумдук өкмөттүн жетекчилери тарабынан калыбына келтирүү боюнча жасаган иштери чечкиндүү кадамдардан болуп калды. Биз келерки жумаларда жана айларда дагы ушундай көп чечкиндүү кадамдарды көрөбүз деп үмүттөнөбүз жана биз сиздер менен шериктештер катары бирге болобуз.
Сенатор Джон Керри Массачусетс штатынан, Демократтар партиясынан шайланган, Сенаттын Эл Аралык Байланыш Комитетинин жетекчиси.
Подписывайтесь на бесплатную еженедельную рассылку Eurasianet (на английском языке).